Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

28-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда, 28-апрелден 1-майга чейин Чүй, Талас,Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жана Ысыккөл ойдуңунда 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк отургузулган өсүмдүктөргө терс залакасын тийгизиши ыктымал.

28-апрелде Кыргызстандын айрым чөлкөмдөрүндө жаан-чачын болот.
ЧҮЙ, ТАЛАС өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 0…+5 градус, айрым жерлерде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +4…+9 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +9…+14 градус жылуу
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14 градус жылуу болушу күтүлөт.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +8…+10 градус жылуу.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG