БИШКЕК. 28-апрелде Ташкен шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррордук борборунун жыйыны болот. Ага Кыргызстандан өлкөнүн ШКУ уюму боюнча улуттук координатору Кадырбек Сарбаев катышат. Бул тууралуу ал бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, антитеррордук борбордун жыйыны Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытовдун төрагалыгы астында өтүп, анда аймактагы коопсуздугун камсыздоодо кызматташуу маселеси талкууланат.