БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына Эсептөө палатасынын Ош, Жалалабад жана Баткен облустары боюнча инспектору Бердибек Апышев ачкачылык жарыялап, нааразылык билдирген пикетке чыкты. Муну менен ал Эсептөө палатасынын аталган үч област боюнча башкармасынын башчысы Сулайман Каюмовдун мыйзамсыз аракеттери токтотулуп, иштен алынсын деген талап койду. Бердибек Апышовдун ушул күнү «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, Эсептөө палатасынын Ош, Жалалабад жана Баткен облустары боюнча башкармасынын башчысы коррупцияга малынып, эсептөө палатасын бизнеске айландырды деп мекеменин мурдагы төрагасы Азамат Кангелдиевге эки жолу арыз, эки жолу билдирүү жазгандан кийин Каюмов аны ишинен алып койгон. Бердибек Апышов өзүнүн кызматтан алынышын негизсиз деп эсептеп, Эсептөө палатасындагы коррупция тууралуу президенттик администрация башчысына билдирүүнү талап кылды. Президенттик администрациянын өкүлдөрү аны менен 28-апрелде жолугушаарын кабарлашты.