Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Москва менен Тбилиси ортосундагы мамилелер жакшыруудабы?


Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания Москва менен Тбилиси ортосундагы мамилелер жакшырууда, бирок Грузия үчүн АКШнын колдоосу маанилүү бойдон кала берүүдө деп билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл менен болгон жолугушуусунан кийин сүйлөгөн сөзүндө Жвания "Россия менен алакаларбыздын жаңы этабы башталды. Эки тараптуу мамилелерибиз жакшырууда. Бирок Россиянын аскерий базаларына байланышкан маселе өтө маанилүү. Америка бул жагынан бизге колдоо көрсөтүүнү уланта берет деп үмүттөнөбүз”, -деди.

Тбилиси аскерий базаларын чыгарып кетүүсүн Москвадан талап кылып келатат.

Пауэл Саакашвилинин өкмөтү өз максаттарына күч колдонуу аркылуу эмес саясий жана экономикалык жолдор менен жетет деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG