Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Израил БУУнун Ирактагы атайын өкүлүнө нааразылыгын билдирди


Израил БУУнун Ирактагы атайын өкүлү Лахдар Брахиминин жакында айткан сөзүнө нааразылыгын билдирди. Брахими Израилдин саясатын Жакынкы Чыгыштын уусу деп баалаган эле.

Израилдин БУУдагы элчиси Дан Гиллерман баш катчы Кофи Аннанга жолдогон катында "уюмга кирген мамлекетти мындай сынга алуу өтө туура эмес, Брахими Израиль үчүн жооп бербейт, ал Ирактагы кызматын жеке пикирин билдирүү үчүн пайдаланбоого тийиш" деп айтылат.

Баш катчы Аннандын басма сөз өкүлү Фред Экхард болсо Брахими БУУнун эмес, жеке пикирин билдирген деген жообун кайтарды.

XS
SM
MD
LG