Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

БУУ Түндүк Кореяга жардам берүүгө кызыкдар


БУУнун Азык түлүк программасы эларалык коомчулукту Түндүк Кореядагы темир жол кырсыгынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө чакырды.
Өткөн аптада Риончонг шаарында химиялык заттардын жарылуусунан 161 киши каза таап, 1 миң 300дөйү жарадар болгон.

Бүгүн БУУнун программасынын регионалдык өкүлү Тони Бэнбари:

- Биз Түндүк Кореядагы кырсыктан жапа чеккендерге чукул жардам көрсөтүү чакырыгы менен кайрылууну көздөп жатабыз. Бардыгы болуп 1 миң тоннадай азык түлүк жиберүүнү өтүнөбүз,

Кырсык болгон жерге Россиядан 13 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Куткаруучулар Түндүк Кореяда эң керектүү дары-дармек, медициналыык жабдыктар тартыш экенин айтышууда.
Кытай да кошуна мамлекетке жардам көрсөтө баштады.

XS
SM
MD
LG