Бүгүн Ливиянын лидери Муамар Кадафи Евробиримдиктин жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн Брюсселге келди. Кадафи 1989-жылдан бери Африка менен Жакынкы Чыгыштан сырткаркы расмий сапарга чыга элек болчу. Жолугушууларда Триполиге каршы киргизилген курал эмбаргосу сөз болот деп күтүлүүдө. Андан тышкары Ливия менен Евробиримдик ортосундагы байланыштар талкууга алынмакчы.
Жакында АКШ президенти Жорж Буш Ливия массалык кыргын салуучу курал программасынан баш тарткандыгы үчүн Вашингтон 20 жылдан бери уланып келаткан экономикалык санкцияларды жеңилдетет деп жарыялаган.
Жакында АКШ президенти Жорж Буш Ливия массалык кыргын салуучу курал программасынан баш тарткандыгы үчүн Вашингтон 20 жылдан бери уланып келаткан экономикалык санкцияларды жеңилдетет деп жарыялаган.