Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Кечээ Нажаф шаарына жакын жерде 43 согушкер жок кылынды


Аскерий булактар Ирактагы шийилердин радикал жетекчиси Садр ээлеп алган калаада болгон кагылышуу жөнүндө башка маалымат берүүдөн баш тартышты.

Ал аралыкта, жергиликтүү полициянын миңдеген кызматкери Фаллужанын көчөлөрүн күзөтө баштады. Бирок аларга коалиция менен шаардын жарандык бийлиги ортосунда жетишилген макудашууга ылайык АКШлык күчтөр кошулабы же жокпу али белгисиз.
Макулдашууда ошондой эле шейшембиге дейре козголоңчулар куралын тапшырып берүүгө тийиш деп айтылган.

Кечээ болсо Нажаф шаарынан Испаниянын 200 жоокери чыгарылып кетти. Бул аймакта коопсуздукту камсыздоо милдетин эми америкалык аскерлер өзүнө алды. Айдын башында Испаниянын жаңы премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро 1 миң 400 аскерден турган испаниялык контингент мекенине кайтып келет деп убада кылган эле.

XS
SM
MD
LG