Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Нарын облустук кеңешинин айрым депутаттары көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоону уят катары көрүшөт


НАРЫН. 27-апрелде облустук кеңештин болуп, анда облустук массалык маалымат каражаттарынын абалын талкуулашты. Атайын депутаттык комиссиялык топ иштеп чыккан докладда адаттагыдай эле өкмөттүк массалык маалымат каражаттарына кенен орун берилип, анда облустун массалык маалымат каражаттарынын техникалары эскирген, компьютерлери жок, айлык акыларынын төмөндүгү, айрымдары жабылуу алдында тургандыгы айтылган. Ал эми өкмөттүк эмес "Шанхай" телевидениеси менен "Алмаз Нарын" радиосунун жетекчилеринин, Нарын шаарына жана облустук кат чыгуу үчүн өкмөттүк байланыш агенттигинен уруксат берүүнү, колдоо көрсөтүүнү депутаттардан өтүнүштү. Бирок депутат Калыбек Арабаев бул көз карандысыз массалык маалымат каражаттары оппозиция болгондуктан уруксат берилбей жатат, андыктан оппозициялык массалык маалымат каражаттарын колдоп, өкмөткө уят болбойлу деген пикиринен кийин аба толкуну жөнүндө бул маселени талкууга кийинкиге калтырышты.

XS
SM
MD
LG