Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

«Фергана» эркин гезитинин ушул жумадагы саны чыккан жок


ЖАЛАЛАБАД. Басылманын жарык көрбөөсүнө анын басмаканага 70 миң сом карызы себеп болду. Эки айдан бери маянасыз иштеген гезитчилер бул санга мектеп жана адам укугун коргоо проблемалары, Кыргызстан менен Казакстандагы диний экстремизмге каршы күрөш, турак жайлардын жер титирөөгө чыдамкайлыгы жөнүндө макала даярдашкан. Кыргыз почта ишканасы газетага бересе болгон 400 миң сомдон гезиттин салык ижара, социалдык фонд акылары төлөнө элек, жума ичинде карыз төлөнбөсө редакция «Кыргызпочтанын» облустук бөлүмүн сотко берерин 27-апрелде маалымдады.

XS
SM
MD
LG