БИШКЕК. «Пирамида» телеканалы бүгүн кечки саат бештен баштап кайрадан өзүнө таандык метрдик диапозондо чыга баштады. Бул тууралуу каналдын башкы директору Андрей Цветков билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү коомчулуктун басымы астында, балким Жорж Соростун президент менен бул маселе боюнча сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ушундай кадамга барды. Кандай болгон күндө да «Пирамиданын» чыгуусуна жасалма түрдө тоскоолдук жасалып келгени, мына ушул капыс кайрадан өзүбүзгө таандык метрдик диапозондо чыгуубузга мүмкүндүк берүүсү менен тастыкталууда деп белгиледи Андрей Цветков.
41 күндөн бери «Пирамида» өзүнө таандык метрдик диапозондо чыга албай келген. Бийлик өкүлдөрү аны техникалык себептерге байланыштырып жатышкан.
41 күндөн бери «Пирамида» өзүнө таандык метрдик диапозондо чыга албай келген. Бийлик өкүлдөрү аны техникалык себептерге байланыштырып жатышкан.