Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосундагы келишим уюмдун жаңы мүчөлөрүнө да жайылтылат


Мындай документке кечээ Люксембургда Евробиримдиктин азыркы төрагасы – Ирландиянын тышкы иштер министри Брайн Коуэн жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кол койду. Ага ылайык Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндөгү келишимдин шарттары уюмга 1-майдан тарта кирүүчү он өлкөгө да жайылтылат. Люксембургдагы сүйлөшүүлөрдө Евробиримдиктин кеңейиши жана Орусиянын тынчызданууларын жараткан проблемалар боюнча биргелешкен билдирүү да кабыл алынды.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG