Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Грузиянын укук коргоо органдары ажар лидерине каршы чара көрүшү ыктымал


Грузия анын курамындагы Ажар автономиясынын башчысы Аслан Абашидзе борбордук өкмөткө баш ийбей жатканына нааразы. Президент Михаил Саакашвили кечээ Киевден төмөнкүлөрдү айтты:

- Эгер бул адам мындай оюнун узакка уланта турган болсо, аны жеке өзү менен укук коргоо органдары алектенээри табигый нерсе.

М.Саакашвилинин Киевде украин президенти Леонид Кучма менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Ажария маселеси да талкууланды. Кучманын айтымында, Украина Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул Кавказдагы стабилдүүлүк үчүн керек. Учурда Ажар автономиясында өзгөчө абал сакталууда. Ажар бийликтеринин ырастоосунда, Грузия аларга каршы куралдуу кол салуу даярдап жатат.

XS
SM
MD
LG