Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Сириянын башкалаасындагы атышуудан төрт адам каза тапты


Өлкөнүн ички иштер министрлигинин өкүлүнүн жергиликтүү САНА агенттигине билдиргенине караганда, атышуу кечээ кечинде Дамасктын чет элдик элчиликтер жайгашкан районунда автоунаада коюлган бомба жарылган соң башталган. Жарылуудан мурда БУУнун өкүлчүлүгү турган имаратка бир топ зыян келди. Коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон аймактан төрт согушкер менен атышкан. Алардын экөө жок кылынып, калган экөө оор жаракат алды. Мындан сырткары полициянын бир офицери жана жолдон өтүп бара жаткан бир аял каза тапты. Сириянын мамлекеттик теле көрсөтүүсүнүн кабарына караганда, Дамсктын дипломатиялык районун текшерүү учурунда полиция курал-жарак, жардыруучу заттар катылган кампаны тапты.

XS
SM
MD
LG