АКШ командачылыгынын билдиргенине караганда, уруш америкалык аскерлердин турумуна кол салынган соң башталган. Күбөлөрдүн айтымында, сунни козголоңчуларынын ордосуна айланган шаардын түндүк бөлүгүндөгү буталарга кечээ кечинде америкалык учактар менен катар танктар жана артиллериядан сокку урулду. Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү бул жердеги уруштарда ирактык сегиз козголоңчу, америкалык бир аскер мерт болгон эле.
БУУнун Ирак боюнча өкүлү Лахдар Брахими кечээ Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн учурунда Фаллужадагы козголоңчулар менен куралдуу кагылыш ири кан төгүүгө алып бараарын жана анын кесепети узакка созулаарын эскертти. Ал эми Ирактын түштүгүндөгү Нажаф шаарынан кандайдыр бир ири кагылыштар болгону жөнүндө кабар түшкөн жок. Америкалык командачылыктын айтымында, дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түндөгү уруштарда бул жерде алтымыш төрт козголоңчу жок кылынган.