Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Малайзия конференциясынын таасири КТРга тийеби?


БИШКЕК. Малайзиянын Куала Лумпур шаарында 54 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “2004-жылдагы маалымат каражаттары боюнча Азия саммитинде” Кыргыз улуттук телерадиокопорациянын камкордук көрүү кеңешинин жетекчиси Камила Шаршекееванын “Аялдардын массалык маалымат кызматындагы орду тууралуу” доклады саммитке дүйнөнүн чар тарбынан келген 400дөн ашуун катышуучулардын кызыгуусун туудурду. Мындай маалыматты Улуттук телерадиокорпорациянын вице-президенти Молдосеит Мамбетакунов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Малайзия саммитиндеги каралган маселелер жана жаңы маалымат тармагынын багыты Кыргызстандын маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө салым кошот. Ошондой эле “Азия саммитинде”, маалымат каражаттарынын терроризмге каршы күрөшүүсү жана журналисттердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланган. Малайзиянын премьер-министри саммиттин ачылышында дүйнөнүн 54 мамлекетинен келген делегацияны куттуктап сөз сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG