Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүлөт


БИШКЕК. Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылында жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн биринчи этабында өкмөттөн 3 млн. сом бөлүп берүү тууралуу бүгүн премьер-министр менен макулдашылды. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Марат Султанов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзам чыгаруу жыйынынын 27-апрелдеги токтомуна ылайык жер көчкүдөн каза болгон ар бир адамдын жаназасына он миң сомдон, Будалык айылынын бардык тургундарына кайтарымсыз грант бөлүп берүү маселесине, элди Ош облусунун Карасуу районуна жана Чүй өрөөнүнө көчүрүү сунушуна өкмөт башчысы макулдугун берди.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы 27-апрелдеги отурумунда “Будалык айылындагы жана Карасуу районундагы Карасөгөт айылындагы жаратылыш кырсыгына кабылгандарга материалдык жардам көрсөтүү” тууралуу токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG