Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Македонияда президенттик шайлоодо эл илең-салаң добуш берип жатышат


Шайлоо өлкөнүн президенти Борис Трайковски февралда учак кырсыгынан каза тапкандан кийин өткөрүлүүдө. Шайлоо элдин жарымынан ашыгы катышса өттү деп саналат. Бирок мамлекеттик сыналгы добуш берүүнүн алгачкы үч саатында шайлоочулардын 12 пайызы гана келгендигин кабарлады. 14-апрелдеги биринчи айлампага калктын 55 пайызы катышып, бирок талапкерлердин бири да жетиштүү добуш чогулта алган эмес. Анда премьер-министр Бранко Червенковски алдыга чыккан. Бүгүн аны менен улутчул Сашко Кедев ат салышууда.

XS
SM
MD
LG