НАТО баштаган турукташтыруу күчтөрүнүн маалымат катчысы Крис Хендерсондун билдиришинче, бүгүн эле Кабулдан 15 чакырым жерде 16 киши камакка алынды. НАТО жана ооган бийликтери "ал-Каиданын" колдоочулары жана кулатылган талибдердин калдыктары президенттик жана парламенттик шайлоонун алдында чабуулдарды күчөтүшү мүмкүн деп эскертишүүдө. Шайлоо сентябрга белгиленген.