Ажариянын жетекчиси Аслан Абашидзе кечээ кечинде жумурияттын алты аймагында коопсуздук кеңештерин түзүүнү караган жардыкка кол койду. Бул кеңештерге резервисттерди армияга каттап, "мыйзамсыз куралдуу топтордун" түзүлүшүнө жол бербөө жана мыйзамдуулукту камсыздоо милдети жүктөлүүдө.
Ал эми грузин армиясы Ажариянын чек арасынан 40 чакырым аралыкта согуштук оюн өткөргөнү жатат. Машыгуу жума күнгө белгиленген. Орус парламентинин төмөнкү палатасы "Ажария менен тирешүүдө Грузия күч колдонууну пландап жатат деп болжолдоого бардык негиз бар" деп айтылган билдирүү кабыл алды.