Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Фаллужада кайрадан ок атышуу башталды


АКШнын согуштук учактары Ирактын суни мусулмандарынын таяныч шаарын аткылады. Шаардын Голан ооданында азыр атышуунун добушу угулуп турат. Бул жерде түн ортосунда америкалык күчтөрдүн чабуулунан бир нече үйдүн талкаланганын күбөлөр билдиришти.

Фаллужада бүгүн америкалык аскерлер менен жергиликтүү жетекчилердин ортосунда сүйлөшүү өтүп жаткан эле. Америкалык генерал Марк Киммит элдин куралын таштатуу үчүн АКШ баштаган коалиция мунасага даяр экендигин билдирген.

Америкалык аскерлер ошондой эле радикал шийилердин таянычы Нажаф шаарын курчоого алып турушат. Шийилердин жол башчысы Моктада ас-Садырдын маалымат катчысы Кай ал-Хазали буларды эскертти:

- Биздин жанкечти чабуулдарды улантууга бир канча киши даяр турат. Биз аларга (америкалык аскерлер) диний бийликтер аныктаган "кызыл" тилкеден өткөнгө чейин күтө тургула деп айтып жатабыз.

XS
SM
MD
LG