Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Македониянын премьер министри шайлоодо утту


СКОПЬЕ. Македониянын премьер министри Бранко Крвенковский кечээки президенттик шайлоодо 62 пайыз чамалаш добуш топтоп жеңишке жетишти. Анын атаандашы Саско Кедев 37 пайыз добуш алды. Жалпысынан шайлоочулардын 53 пайызы добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Македонияда президенттикке чукул шайлоо мурдагы президент Борис Трайковскийдин авиакырсыктан набыт болушуна байланыштуу белгиленип, ал эки айлампада өттү. Бирок, Саско Кедев акыркы добуш берүүдө мыйзамсыз аракеттерге жол берилгенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG