Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

АКШ аскерлери Фаллужага абадан сокку урушту


БАГДАД. Америкалык аскерий аба күчтөрү Фаллужадагы козголоңчу топторго каршы катуу сокку урушту. Бул коалиция тарабынан үч жумадан берки алгачкы катуу бомбалоо катары белгиленип жатат. Президент Жорж Буштун Вашингтондо билдиргенине караганда, шаардын басымдуу бөлүгү соккудан жабыркаган жок. Буш ошондой эле Фаллужада тартип орнотуу үчүн куралдуу күчтөр бардык зарыл каражаттарды пайдаланарын билдирди.

- Фаллужанын басымдуу бөлүгү калыбында. Каршылашуу болуп жатат, ошондуктан, биздин аскерлер Ирактыкы менен чогуу коопсуздук чараларын көрүп жатышат, - деди Буш.

Ал эми БУУнун баш катчысы Кофи Аннан карама-каршылыкты дагы күчөтүп албаштын аргасы катары АКШны сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG