Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Нарын шаарынын мекемелери январдан бери айлык алыша элек


НАРЫН. Бүгүн Нарын шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз 24-сессияга чогулушту. Анда белгилүү болгондой, 2000-2002-жылдары жергиликтүү салыкчылар "Эверест алко" ишканасынан 2 млн. 700 миң сомду ашыкча чогултушкан. Аталган ишкананын аласасы үчүн учурда шаардык бюджеттен 219 миң сом которулуп, натыйжада шаардык бюджеттеги мекемелер январь айынан бери айлыктарын алыша элек. Сессиянын жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары ушул маселени чечип берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңештин эки палатасына жана каржы министрлигинен Нарын шаарынын бюджетине төлөнбөй жаткан 4,5 млн. сомду өндүрүп берүүнү суранышкан кат даярдашты. Эгерде айлык акылары берилбесе шаардык бюджеттеги мекемелер 8-май күнү нааразылык акциясына чыгаарын шаар башчысына билдиришти.

XS
SM
MD
LG