Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселеси курч

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселеси талкууланган "тегерек үстөл" жыйыны өттү. Ага Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулуктар көп орун алып жаткандыгы, соңку жылдары болсо уруп-сабоолордон каза тапкан аялдардын саны көбөйүп бараткандыгы жөнүндө маалымдалды.

"Тегерек үстөл" жыйынына катышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү учурда зордук-зомбулукка учураган аялдарга моралдык, укуктук жаткан жардам көрсөткөн борборлордун жетишсиздигин белгилешти. Кризистик борборлордун өкүлдөрү айткандай, үй-бүлөдө зордук-зомбулукту азайтыш үчүн аялдардын укуктук сабатын, саясий активдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле, алардын экономикалык, социалдык маселелерин чечүү багытындагы иш-аракеттерди алып баруу зарыл.

Буга чейин өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жана гендердик теңчилик боюнча мыйзамдар кабыл алынган. "Бирок алар жакшы иштебей жатат" деп белгилешти жыйындын катышуучулары.
​
XS
SM
MD
LG