Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Будалыкка Кемероводон акчалай жардам келди


БИШКЕК. Шаршембиде Фергана өрөөнүндө болгон жер титирөөнүн кесепетинен Будалык айылына жакын жерде жер көчкү жүргөн. Андан жабыр тарткандар болгон жок. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр өкмөт жыйынында билдирди. Будалык айылындагы жер көчкүдөн жаракат алып ооруканада дарыланып жаткан 11 адамдын ар бирине 5 миң сомдон жардам көрсөтүлүп, 12 үй-бүлөгө турак жай курууга кайтарымсыз кредит берилет. 30-апрелде ссудалар бериле баштайт. Будалык айылындагы жабыр тарткандарга жардам иретинде бүгүн Орусиянын Кемерово облусунан 200 миң рубль акча каражаты жардам иретинде жиберилгенин Орусия басма сөз кызматтары маалымдашты.

Алай районунун Будалык айылында 26-апрелде болгон жер көчкүдөн 34 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG