Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Депутат Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин сынга алды


БИШКЕК. Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылынын тургундары башка жерге өз убагында көчүрүлбөгөндүгү үчүн өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигинин жоопкерчилиги каралышы керек. Анткени Будалыктын тургундары министрликке бир нече ирет кайрылып, адистер тарабынан бул жердеги абалдын текшерилишин талап кылышып, аларды башка жерге көчүрүүнү өтүнүшкөн. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттыкка» Мыйзам чыгаруу жыйынынын Алай окуругунан шайланган депутаты Исмаил Исаков маалымдады. Анын пикиринде, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чет өлкөлүк уюмдардан берилген жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары натыйжалуу пайдаланылбай жатат.

"Азаттыкка" аталган министрликтин пресс-катчысы мындай пикир негизсиз экендигин билдирди.

26-апрель күнү Будалык айылындагы Кайнама участкасында болгон жер көчкүдөн 34 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG