Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

“Мамлекеттик тил мыйзамынын” бет ачары өттү


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын кыргыз жана орус тилинде чыккан китепчесинин бет ачары болду. Китепчеде “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам, президент Аскар Акаевдин өлкөдө кош тилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка багытталган жарлыгы жана аталган документке кол коюу учурунда сүйлөгөн сөзү камтылган. Бул китепче мамлекеттик мекеме-уюмдардын, жалпы коомчулуктун “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кеңири пайдалануусуна шарт түзөт.

Бет ачарда айрым депутаттар “Аталган мыйзамды кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө турмушка ашыруу үчүн бардык аракетти көрүү зарыл” деген пикирлерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG