Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Берлинде антисемитизм проблемасына арналган жыйын аяктады


Эл аралык бул конференцияны Германиянын өкмөтү уюштуруп, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму сүрөөнчү болду. Жыйынга 55 өлкөдөн келген беш жүздөй делегат катышып, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам күч алып бараткан антисемиттик маанайды ооздуктоо зарылдыгын караган документ кабыл алышты. Конференцияда немец тышкы иштер министри Йошка Фишер сөз сүйлөп, ОБСЕге кирген өлкөлөрдү антисемитизмдин бардык түрүн айыптоого жана ага каршы күрөшкө көмөктөшө турган таасирдүү механизмдерди түзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG