Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Израилде 2-майда ички партиялык референдум болот


Башкаруучу “Ликуд” партиясынын активисттери премьер-министр Ариэл Шарондун Газа тилкесиндеги жөөт мааларын жоюуну караган планы үчүн добуш беришет. Референдумда премьерге жана партиянын лидерине ишеним көрсөтүлө тургандыгын белгилеп, Шарон партиялаштарын палестиналыктардан бир тараптуу бөлүнүү программасын колдоого чакырды. Мындай болбогон күндө 2-майдагы референдум иш жүзүндө Ясир Арафат менен “Хамас” кыймылынын жеңиши болуп калат, деп эскертти Шарон. Шарондун бу планын АКШ президенти Буш колдогон, ал эми Евросоюз сынга алган.

XS
SM
MD
LG