Мындан бир күн мурда түштүктөгү үч провинцияда исламчыл козголоңчулар полициянын жана жергиликтүү бийликтин кеңселерине кол салышты. Кагылыштарда жүздөн ашуун козголоңчулар өлдү. Өлкөнүн премьер-министри Таксин Шинаватра кол салган күчтөрдү бандиттер деп атады жана алардын эл аралык террордук уюмдарга тиешеси бар болушу мүмкүн деген ырастоолорду четке какты. Коргоо министри Четта Тханажаро исламчыл топтор өкмөттүк мекемелер менен обьекттерге кайрадан кол салышы мүмкүн экенин эскертти. Исламчыл радикалдар өлкөнүн түштүгүндө мусулман мамлекетин түзгүсү келишет.