Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган маалыматтарга ылайык, өкмөт башчысы Бранко Црвенковски добуштардын 62 процентин алды, анын атаандашы Сашко Кедевди шайлоочулардын 37 проценти колдоду. Премьер Црвенковски Македония жаңы президентин демократиялык негизде, калбасыз жана адилет мүнөздө шайлаганын белгиледи. Ал эми Кедев шайлоо адилетсиз болду деп билдирди. Добуш берүүнүн экинчи айлампасына шайлоочулардын тең жарымынан көбү катышты.
Македониянын мурдагы президенти Борис Трайковски авиакырсыктан каза болуп, өлкөдө мөөнөтсүз шайлоо белгиленген эле.
Македониянын мурдагы президенти Борис Трайковски авиакырсыктан каза болуп, өлкөдө мөөнөтсүз шайлоо белгиленген эле.