Америкалык командачылыктын өкүлү подполковник Бреннан Бирн шаардын түштүк ыптасын камалап турган контингент жума күнү райондон кете тургандыгын ырастады. Шаарды көзөмөлдөө милдети “Фаллужаны коргоо армиясы” деп аталган жергиликтүү кошуунга жүктөлөт. ООНдун баш катчысы Кофи Аннан кечээ америкалык аскери жетекчиликти токтоолукка чакырып, оккупациялык аскерлер Иракта жайкын калкка канчалык чыгым келтирсе, каршылык көрсөтүү ошончолук айыгышкан мүнөзгө айланарын эскерткен. Иракта бүгүн америкалык он солдат набыт болду. Эки жоокер Багдадда жана Баакубада минометтон жабылткан октон өлдү, калгандары Багдаддын четинде дүрмөттөлгөн машина жарылган кезде опот болушту.