БЕЛГРАД. Серб парламенти бүгүн Косоводо жашаган серб улуттук азчылыгынын коопсуздугун кепилдөө планын бекитти. Планга ылайык беш серб облусу түзүлүп, алар полиция, коопсуздук кызматы, сот бийлиги, саламаттык сактоо жана социалдык жактан камсыздалат. Премьер-министр Воислав Коштуницанын айтымында, план сербдердин Косового кайтып келишин шарттайт. Долбоор өткөн айдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин Улуттар Уюмунун колдоосу менен түзүлгөн.