Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Грузия БУУга абхаз чатагын чечүү жолдорун маалымдады


УЛУТТАР УЮМУ. Абхаз чатагын жөнгө салуу үчүн качкындарды кайтаруу жана Абхазияга статус берүү маселесин мамлекеттик деңгээлде чечүү шарт. Мындай пикирин Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Жвания Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ачык жыйынында билдирди. “Биз абхаз тарап менен мамилени жакшыртуу аракетин колдойбуз. Бирок ошол эле учурда абхаз тараптын тынчтык өнүгүүгө тоскоолдук кылышына жол бербейбиз,” деди Жвания. Ал ошондой эле Орусия менен мамиленин жакшы жолго коюлушу Абхазиядагы жагдайды жөнгө салууда өз таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG