ВАШИНГТОН. АКШ мамлекеттик департаменти эл аралык терроризм боюнча жылдык отчетун жарыялап, анда терроризмдин башкы демөөрчүсү катары Иранды атады. Иран Жакынкы Чыгышта террорчуларга колдоо көрсөтүп жатат деп айыпталат. Отчетто терроризмге колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн тизмесине Куба, Ирак, Ливия, Түндүк Корея, Судан, Сирия киргизилген. Ирактын тизмеге кириши мамлекет үчүн жооп бере турган өкмөттүн жок болуп жаткандыгы менен чечмеленген. Ошондой эле Ливия тизмеден чыгуу аракетин көрүп жаткандыгы белгиленген. Ал эми Сауд Аравиясынын терроризмге каршы күрөшкө кошкон салымы колдоого алынган.