Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Буш: АКШ үчүн терроризм коркунучу дагы эле бар

ВАШИНГТОН. Мындай пикирин АКШ президенти Жорж Буш кечээ 11-сентябрдагы терракт боюнча көз карандысыз комиссиянын суроолоруна жооп берип чыккан соң, журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын себебин президент “ал-Каиданын” жашап жаткандыгы, анын Американы жек көргөндүгү менен байланыштырды.

Жорж Буш менен вице-президент Дик Чейни көз карандысыз комиссиянын суроолоруна жабык эшик артында үч сааттан ашык убакыт жооп беришти. Суроо-жоопко байланыштуу ант берүү жана тасмага түшүрүү иштери жүргүзүлгөн жок.
​
XS
SM
MD
LG