Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Бакуда Борбор Азия менен Кавказдагы абал талкууланууда


БИШКЕК. Азербайжандын борбору Баку шаарында башталган «Борбор Азия жана Кавказ: демократияга ар кандай жолдор» деген тема алдындагы эларалык жыйында эки региондогу саясий, экономикалык, алардагы атуулдук коомдун өнүгүшүндө орун алган маселелер, ошондой эле коррупция, жакырчылыкка байланыштуу проблемалар талкууланууда. Бул эларалык жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия, Армения, Азербайжандын саясатчылары, өкмөттүк эмес уюмдары менен саясий партияларынын өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандан болсо жыйынга «Атуулдук коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев жана башкалар чакырылган. Бакудагы жыйын өз ишин 5-майда аяктайт.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG