ЖАЛАЛАБАД. Базаркоргон районунда өткөн митингде өлкөдө атуулдардын социалдык-экономикалык укуктары корголбой, баалар кымбаттап, жумушсуздар көбөйүп, дыйкандар зор чыгымга жатышканы айтылды. Элге жана өкмөткө жети бөлүмдөн турган кайрылуу кабыл алынды. Анда айыл-чарбасынын үрөн, күйүүчү май, минералдык жер семирткич, микрокредит менен камсыздоо, жаштар үчүн атайын программа кабыл алуу, мамлекеттик маалымат каражаттарын калыстыкка жана өкмөттү коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырган талаптар коюлду. Митинг Лениндин эстелигине гүлдесте коюу менен аяктады.
КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы борбордук аянтта 1-майга арналган митинг өтүп, ага коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Каракол шаарынын мэри Доктурбек Кыдыров достуктун, тилектештиктин, биримдиктин, сулуулуктун жана жаздын майрамы катары тарыхка кирген бул майрамдын маани-маңызын далилдеген куттуктоо сөз сүйлөдү. Майрамдык салтанат облустук драма театрынын, шаардык маданият үйүнүн өнөрпоздорунун жана улуттук азчылыктын өкүлдөрүнүн катышуусундагы театрлаштырылган көрсөтүүлөр, спорттук оюндар менен коштолду. Ал эми шаардык Пушкин атындагы эс алуу паркында майрамдык оюн-зооктор уюшулду. Айрым адамдардын пикиринде эки жылдан бери майрам күн катары кызыл календарга кайрадан кирген бул майрамдын мурдагыдай шааниси жок.
ТАЛАС. Быйылкы жылга чейин бул майрамды белгилөө Таласта облустук ардак тактадагы эмгек алдыңкыларынын сүрөттөрүн жаңылоо менен гана чектелип келген. Быйыл ачык асман астында коомчулук катышкан жыйын өтүп, чогулгандарды бийлик адамдары, карыялар жана жаштардын өкүлдөрү, эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоого тийешеси бар облустук профсоюз кошунунун төрайымы Анаркан Байжиева куттукташты. Өз сөзүндө профсоюз лидери Кыргызстанда айлык акы эң арткы орунда экендигин, ал эми Талас облусунда эмгек жамааттарынын 82 пайызы гана коллективдүү келишим түзүп иштеп жаткандыгын, адамдардын эмгек укуктарынын бузулушу кадимки көрүнүш болуп калгандыгын айтты. Салтанаттан соң чогулгандарга жаш таланттардын концерти тартууланып, "Манас ордо" комплексинде болсо губернатордун байгеси үчүн ат оюндарынын мелдеши башталды жана ал 2-май күнү аяктайт.