Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

2-майда күндүн көзү кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, бүгүн 2-майда Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт, ала булут каптап турат. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +19…+24 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн 0…+5, күндүз +18…+23 градус жылуу болушу күтүлөт.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +7…+12 градус, ал эми күндүз +20…+25 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +10…+15 градуска жылыйт.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17 градус жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ жаан-чачындын болушу күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +22…+24 градус жылуу.

Жаңылыктар түрмөгүн Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева сунуш кылды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG