ЭР-РИЯД. Сауд Аравиясынын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Янбу порт-шаарындагы атышууда үч куралчан адам өлтүрүлүп, бирөө жарадар болду. Бул куралчан адамдар бүгүн эртең менен фирмалардын биринин кеңсесине кирип, ок жаадырышкан. Анын кесепетинен жергиликтүү жана чет өлкөлүк бир нече адам набыт болушту. АКШ өлгөндөрдүн арасында эки америкалык бар экенин айтып жатышат. Буга чейин Кызыл деңизге жакын жайгашкан Янбу - Аравиянын тынч шаары катары саналчу. Өткөн айда жан кечтилер тарабынан Эр-Риядда 50 адам өлтүрүлгөн.