Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

"Дэйли Миррор" ирактыктарды мазактаган аскерлердин сүрөтүн жарыялады


ПРАГА. Британиялык "Дэйли Миррор" гезити түрмөдөгү ирактыктарды мазактаган коалиция аскерлеринин сүрөтүн жарыялады. Британиялык аскер жетекчилеринин бири, генерал Сир Майк Жэксон мындай кадамга барган адам аскер кийимин кийүүгө акысы жоктугун белгилеп, маалымат иликтенип жатканын билдирди. АКШ президенти Жорж Буш бул маселени териштирээрин убада кылды:

- Аскерлердин түрмөдөгүлөргө карата кылганы менин көңүлүмдү абдан айнытты. Бул - америкалыктардын табиятына туура келбеген иш.

Маалымат каражаттарынын таратканына караганда, учурда америкалык алты аскер түрмөдөгү ирактыктарды жыныстык жактан шылдыңдады деген доо коюлууда. Түрмөнүн башчысы, аял-генерал убактылуу кызматынан четтетилди. Айыпкерлерди сот жообуна тартуу демилгесин БУУнун баш катчысы Кофи Аннан колдоду. Amnesty International уюму бул көрүнүш жагдайды курчутуп жиберээрин белгиледи. Аталган сүрөттөрдү адегенде "ал-Жазира" жана "ал-Арабия" телеканалдары көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG