БАГДАД. Алардын ордуна коалиция даярдаган ирактык 200 кызматчы көзөмөлдөө пункттарын өткөрүп алды. Алардын саны миңге жетээри белгиленди. Ирактыктардын колдоосуна арзыган бул команданын башында генерал Мохамед Сейлх турат. Пентагондун өкүлү Лоренс Рита АКШ бийлиги ага ишенээрин билдирди. Бирок АКШнын бригадалык генералы Марк Киммит шаардан АКШ аскерлери биротоло чыгып кетпестигин белгиледи. Жагдай тынчып калганы менен кечээ эки жоокер өлүп, алтоо жаракат алганы айтылууда.