Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Латвияда демонстрация өттү


РИГА. Латвия башка 9 мамлекеттин катарында Евробиримдикке кошулган бул күнү миңдеген орустар өз укуктарын коргоо талабын коюп, демонстрация уюштурушту. Алар “Латвиядагы апартеидди токтоткула!” деген өңдүү каршы пикирлерин билдиришти. Латвия мыйзамына ылайык орус улутундагылардын укуктары жергиликтүү улуттагы атуулдарга теңештирилбегендиктен, алар эми Европа Биримдигине каттоо жана иштөө үчүн виза алууга мажбур болушат. Басымдуу бөлүгү совет мезгилинде отурукташкан орустар бул өлкөдөгү 2.3 миллион калктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

XS
SM
MD
LG