Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Жаштар тууралуу маалымат топтому уюштурулат


БИШКЕК. Жакынкы күндөрдө Бишкек мэриясында ар бир үй-бүлө, балдар жана жаштар тууралуу өзүнчө бирдиктүү маалымат томтому уюштурулат. Бишкек мэриясындагы үй-бүлө, балдар жана жаштар башкармалыгынын жетекчиси Гулкайыр Шеримбекованын айтымында, мындай маалымат томтомунда ордо калаадагы үй-бүлө, балдар, студенттер жана канча жетим, канча кароосуз калган жана канча оорукчан бала бар экендиги тууралуу кеңири маалымат топтолот. Учурда республикада 46 жогорку окуу жайы бар жана аларда 199 миң жаштар билим алышат. Бишкек мэриясындагы үй-бүлө, балдар, жана жаштар башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын башында уюштурулган. Аны түптөөгө мэрия тарабынан 1 миллион, 280 миң сом жумшалган.

XS
SM
MD
LG