Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Эл аралык валюта корунун миссиясы өз ишин аяктады


БИШКЕК. Кыргызстанга 20-апрелде келген Эл аралык валюта корунун Тапио Саавалайнен башында болгон миссиясы өз ишин аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча миссия башчысы 4-майда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөт. Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда миссия Эл аралык валюта кору менен Кыргызстандын ортосундагы «Өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү» деп аталган үч жылдык программанын аткарылышын текшерди. Миссия буга чейин каржы министри, улуттук банктын жетекчилиги, андан соң өкмөт башчы Николай Танаев, президент Аскар Акаев менен жолугушууларды өткөрдү.

XS
SM
MD
LG