ЛОНДОН. Бүгүн “Эл аралык мунапыс” укук коргоо уюму коалициялык күчтөр колго түшүрүп алган ирактыктарды кыйнап жана мазактап жатканда тартылган сүрөттөрдү көрсөтүшүп, алардын чындыгына жетиш үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарыл экендигин айтышты.
- Ирактагы британиялык аскерлер эмне кылып жатканын коомчулук билиши керек. Ирактыктар британдык аскерлерге көчөлөрдү кайтарат деп ишенип жатышат. Алар жакын адамдары түрмөгө түшсө, кыйноого алынбайт деп ишенгидей болуш керек, - деди аталган уюмдун өкүлү Нэйл Деркин.
Ал укук коргоочу уюм бул маселени бир жылдан бери иликтеп жүргөндүгүн билдирди. Британиянын премьери Тони Блер кечээ бул сүрөттөр тууралуу “мындай кылууга жол берүүгө болбойт” деген болчу:
- Бул тууралуу так бололучу. Эгерде туткундарды анткени чын болсо, андай кылууга жол берүүгө болбойт. Биз Иракка ушундайларды болтурбайлы деп барбадык беле,- деди Тони Блер.