Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Польшада жаңы өкмөттүн курамы түзүлүп жатат


ВАРШАВА. Польшанын президенти Александр Квасневский бүгүн өлкөнүн мурдагы каржы министри Марек Белкага жаңы өкмөттүн курамын түзүүнү тапшырды. Буга чейин Польшанын өкмөтүнө Лешек Миллер башчылык кылып келген. Премьер-министр учурда бийлик жүргүзүп жаткан Солчул демократтар биримдигинин арасында бөлүнүү болгондугуна байланыштуу кызматтан кетти.

Лешек Миллер мындан бир нече ай мурун, Польша Европа биримдигине киргендин эртеси эле кызматты өткөрүп берем деген болчу.

XS
SM
MD
LG