Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Ажария менен Грузиянын ортосундагы көпүрө жардырылды


ТБИЛИСИ. Ажариянын лидери Аслан Абашидзеге баш ийген күчтөр бүгүн Ажария менен Грузиянын ортосундагы Чолоки дарыясындагы көпүрөнү жардырып салышты. Бул тууралуу Грузиянын президенти Михаил Саакашвили телекөрсөтүүгө берген интервьюсунда айтты. Михаил Саакашвили Ажариянын лидери Аслан Абашидзени мындай провакацияларга барбоого чакырды. Ал Грузин бийлиги Ажарияга каршы күч колдонбойт деп ишендирди.

Ажариянын ички иштер министрлиги көпүрөнү ким жардырганы тууралуу эч кандай маалымат жок экендигин кабарлоодо.

Михаил Саакашвили бүгүн Поти шаарына келип, ал жерде башталган грузин деңиз аскерлеринин машыгуусун көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG