ИУРЕСАЛИМ. Бүгүн Израилде учурда өлкөнү башкарып жаткан "Ликуд" партиясы премьер-министр Ариэл Шарондун Газа секторунан Израилдин аскерлерин жана адамдарын чыгарып кетүү тууралуу планына добуш берип жатат. Ариэл Шарон бүгүн өкмөт жыйынын өткөрүп, партиялаштарын планды колдоого чакырды:
- Бул добуш берүү маанилүү жана татаал. Анын жыйынтыгы Израилдин келечегин, коопсуздугун, экономикалык өнүгүүсүн, билим берүүсүн, калктын иш менен камсыз болушун жана АКШ менен мамилесин чечет. Өзүңөрдүн балдарыңардын келечегин ойлоп, менин планымды колдоп берүүңөрдү суранам, –деди Ариэл Шарон.
Өткөрүлгөн сурамжылоого караганда, партиянын көпчүлүк мүчөлөрү Ариэл Шарондун бул планына каршы. Алар Газа секторун таштап кетүү ислам экстремисстерине жеңилгендикти билдирет деп эсептешет.
Ариэл Шарон партия анын планына каршы добуш берсе да, өзүнүн планынан баш тартпай тургандыгын билдирип жатат.